super.kg logo

Садыр Жапаров ишин карап жаткан судьяга дагы бир жолу ишенбөөчүлүк көрсөттү

 

Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров: "Урматтуу сот, буга чейин отурумдун жүрүшүн чагылдырууга журналисттерге жана катышуучуларга видеотасма менен сүрөт тартууга тыюу салгансыз. Андай болсо эми сот залындагы шыпта илинип турган камераны да алып таштаңыз. Бул камера менен тиешелүү кызматтагылар көрүп жатышат", - деди.

Ал эми судья Эмил Каипов: "Камера иштеп жатабы билбейм. Мен отурумду жүргүзүп жаткан гана судьямын. Бул камераны сот департаменти койгон. Анын бетине кагаз жармаштырып тосконго укугум жок", - деп жооп берди.

Ошондой эле Садыр Жапаров суралып жаткан күбөгө жетелөөчү суроо бергендиги үчүн судья Эмил Каиповго кайрадан ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок судья анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Отурумдун жүрүшүндө суралган күбө Наристе Калчаев: "Мен 2013-жылы сабалганым, кыйноого кабылганым анык. Дагы бир жолу айтам, менин башыма кап кийгизип кыйнаган. Абактан чыккандан кийин кантип камалып кеттим? Митингде бизди ким колдонуп кетти? Ушул сыяктууу суроолорго жооп алышка кызыкдармын. Мен Кудай буюруп эркиндикке чыксам, аны тиешелүү адамдар менен териштирип алам. Тарых алдында, Кудай алдында жооп берчү күн бар. Ал күнгө аз калды. Биз митингге Кумтөр маселеси боюнча чыкканбыз. Садыр Жапаров үчүн чыккан эмеспиз", - деп билдирди.

Кийинки соттук отурум 10-июлда уланат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.07.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул күндөр да өтөт! Кимдин-ким экенин келечек көргөзөт!!!
09.07.2017. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бугун видео ролик кордум ал жерде сот айтты Садыр Жапаров акталды деп анан аны коё беришти Садыр Жапаровду колдогон эл дуркуроп кол чаап суйунушту ошол чынбы ? Карасам бул гезитте ал жокта?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: