super.kg logo

Кербенде байланыш антеннасынын курулушуна нааразы болгон жашоочулардын арызы 3 айдан бери чечилбей жатат

 

Кербен шаарында байланыш антеннасынын курулушуна нааразы болгон жашоочулардын арызы 3 айдан бери чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталында жергиликтүү жашоочу Хурсанай Эрматова билдирди.

"Кербен шаарынын Алдосов көчөсүндө үйлөр бири-бирине жакын курулган. Менин короом 6 сотых. Кошунам жакында байланыш үчүн компаниялардын бири менен келишип антенна орнотту. Менин үйүм менен антеннанын аралыгы 1 метр болуп калган. Курулуш иштерин жүргүзүп баштаганда жерди казып, үйүмдүн дубалдары жарылып кетти. Буга жакын жашаган 14 адамдан турган кошуналар арыз менен Кербен шаардык мэрияга жана район акимине арыз менен кайрылдык. 3 айдан бери маселебиз чечилбей жатат. Арызыбызга кат аркылуу жооп да беришкен эмес. Акимге барсак ал бул боюнча кабары жок экенин айтты. Негизи антенна калктуу конуштан аз дегенде 45 метр алыс курулушу керек экен. Кошунам бул норманы сактаган эмес. Албетте, ал өз менчигиндеги короосуна курган. Бирок башкаларды да ойлонуш керек эле. Билинбеген радиациялык зыян тартып жатабыз", - дейт Эрматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: