super.kg logo

Бишкекте Патрулдук милициянын кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы катталды

 

Кечээ, 7-июль күнү саат 23:40 чамасында Бишкек шаарындагы Ибрагимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Патрулдук милициянын кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Айрым маалыматтарга караганда, кырсыктын келип чыгышына Патрулдук милициянын кызматтык унаасынын жол чырактын кызыл белгисине карабай жолдон өтүп баратканы себеп болгон.

Бул окуяны Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясы тастыктап, учурда кызматтык иликтөө башталганын билдиришти.

“Бул иш боюнча азыр кызматтык териштирүүлөр башталды. Азырынча Патрулдук милициянын унаасын башкарып бараткан 1994-жылы туулган З.Э жана Mazda Demio унаасынын айдоочу 1982 жылы туулган С.А экөө тең экспертизадан өткөрүлүп, спирттик ичимдик ичпегендиги аныкталды. Ал эми жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткени боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча эч нерсе айта албайбыз. Бардык маалыматтар териштирүү бүткөн соң айтылат”, - дейт Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Окуядан жабыркагандар болгон эмес.






Патрульдук милициянын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды (3)

Патрульдук милициянын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды (2)

Патрульдук милициянын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.07.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки айдоочуну куноолу кылып койбой чыныгы жол эрежесин бузганды аныктап мыйзамдын негизинде айыпкы таркыла.
08.07.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иликтоонун жыйынтыгы 100% мазда демио куноолу болот!!!! себеби бизде жашоо ушундай!!!!
08.07.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копту ушулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: