Бишкек түркүн түстүү адамдарга толду. Боёк фестивалынан фоторепортаж











Бүгүн, 8-июлда борбор калаадагы "Ататүрк" сейил багында боёк фестивалы өттү. Анда катышуучулар бири-бирине боёкторду чачышып, парк ичи түркүн түстүү адамдарга толду. Майрамдык маанай тартуулаган иш-чара жаштарды бириктирүү, аларды бири-бири менен жандуу сүйлөшүүгө чакыруу максатында уюштурулуп, бийге чакырган музыкалар, ырчылардын сахнадагы номерлери, кызыктуу оюндар менен коштолду.
Фестивалдын жүрүшүндө алып баруучулар катышуучуларды тазалыкка чакырып, иш-чара болуп жаткан аянттагы таштандыларды чогулттурушту. Уюштуруучулар фестивалдын Ысык-Көлдө уланарын айтышты.
Белгилей кетсек, боёк фестивалдары дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Аны негиздөө идеясы алгач Индияда пайда болгон. Бул өлкөдө боёк фестивалы менен коштолгон "Холи" деген майрам жаз мезгилинде белгиленет.

Сонун :) Жаман нерсенин баары ошол жаман ойлордон келип чыгат негизи, жашоо жылмайып, жакшы ниетте кулуп жашаган адамды Кудай дагы жактырат!Озум биринчи жолу бардым, 3 саатка интернетти унутуп жон гана досторунуз менен барып, куп кундуз жакшы коз ирмемди коруп келиниз, сунуштайм