super.kg logo

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы аймактардагы бүтүрүүчүлөрдү ыза кылууда

 

"Аймактардагы орто мектепти аяктаган окуучулар жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында "алтын сертификат" ала албай калат. Анткени алар шаардагы лицей-гимназиялардын окуучулары менен теңеле албайт", - деген пикирин бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына абитуриент Калия Мырзабек кызы билдирди.

Ал Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдык мектепти аяктап, жалпы республикалык тесттен 157 балл алган.

"Айыл жерлериндеги орто мектептер менен шаардагы лицей, гимназия, ал тургай орто мектептерин салыштыруу туура эмес. Мисалы, биздин мектепте мугалимдин жоктугунан 2 жыл химия сабагы окутулган жок, мындай абал ар бир предметтен болуп калышы мүмкүн. Кошумча ийрим дегендер да болбойт. Окуучулар өз алдыбызча даярданабыз", - деди ал.

Мындай пикирге ошол эле мектепти аяктаган Бакдөөлөт Сагындык кызы кошулду.

"Бизде китепкана деген жок. Мугалимдер айылдагы турмуш-тиричилик менен алектенет. Кошумча окутуу же сабактан тышкары суроолорго жооп алууга мүмкүн эмес. Окутуу усулу айылдагы мектептерде эски. Мен өз алдымча тестке даярдануучу китептерди сатып алып даярдандып, 154 балл алдым. Шаардагы жакшы көңүл бурулган мектептерди аяктасам мындан көп балл алмакмын", - деди Бакдөөлөт.

Ноокат районундагы билимкана жатак-мектебин аяктаган Даут Бекболотов 206 балл топтоп президенттен баалуу белектерди алды.

"Мен "алтын сертификатка" жетпей калдым, бирок белектерди алдым. Албетте, кадимки орто мектептер менен билимкана жатак-мектептин же лицейлердин билим берүү деңгээлин салыштыруу туура эмес. Менимче, "алтын сертификаттарды" бөлүштүрүүдө шаар, аймак катары бөлүп, мектептердин макамына маани берилиш керек. Маселен айылдагы орто мектептерде эң жогорку баллга татыган 10 окуучуга "алтын сертификат" берсе алардын келечегине стимул болмок", - дейт Даут.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген айылдык орто мектебинин жамааты мындай көйгөй мектептер аралык олимпиадада да жараларын айтышат.

"Азыр ЖРТны баары түшүнүп калды. Андан жакшы ийгиликке жетиш үчүн тынымсыз даярдык керек. Кээ бир окуучулар аймактардан эле даярданып жакшы көрсөткүчкө жетип жатат. Бирок иш жүзүндө борбордогу мектептер, гимназия-лицейлер менен чоң айырма бар экени байкалып жатат", - деди аталган мектептин жетекчиси.

Эске салсак, ушул жылдын 5-июль күнү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку балл топтогон 55 бүтүрүүчү "алтын сертификатка" ээ болду. Анын ичинен 45 бала Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү болсо, алтоо аймактардан келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.07.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жазганыңар билим жана анын сапаты тууралуу ,катасы болсо 5 сайдын ташындай.
08.07.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура,бизде Биология сабагынан эжейдин уйуно барып даярданып жатышты,мектепте кошумча даярдоочу курстар ачылган жок.Уйуно барганда.эмнени кыйратмак эле.Айла жок колунан келгендери шаарга барып ар кандай ийримдерге катышып,окуп жатышты.Шарты туура келбегендерге айла.жок.Бирок айтаарым,ар дайым мээнет кылгыла.Жаратканым мээнетинерди текке кетирбейт,канчалык аракеттенсен ошончолук коп берет.Мен да болушунча аракет кылдым,195 балл алдым,бул мактаныч эмес,болгону мисал.Талыкаас мээнеттин акыбети.
08.07.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул соз туура . Мектепте олимпиада болгон кезде дагы областнойго отсон орто мектептеги окуучулар менен лицей гимназияда окуган окуучулар менен бирдей тест тапшырышат.

Анан чын эле ушул Орто мектеп менен лицей, гимназияны бири- бирине аралаштырбаса жакшы болмокпу?.
Себеби билим алуу тартиби эки башка .
08.07.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетигендин окуучулары чынында күчтүү, бирок дайыма Мавлянов менен Бөкөнбаевге биринчиликти бере беришет.Эмнеге???Себеби,коррупция гүлдөп -өнүккөн.
08.07.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бутуруучулор туура айтышат " алтын сертифкаттын" 10-15 айылдагыларга берсе болмок. Айыл менен шаардын мектепти гимназияларын салыштырып болбойт.
08.07.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чынында шаардын алдынкы мектептеринде билим сапаты алда канча жогору. Бирок ошондо да окуучунун дээринен болот. Мыкты окуучу айылдагы артта калган мектептен да суурулуп чыга алат. Мисалы бир университетке болгон сынакта айылдан келген мен отуп, себат турк лицейинен катышкан бир канча бала кулап калган. Эгер азыр ОРТга катышсам, минимум 200 балл алмакмын. Ал учун жакшы окуш керек, эмне окуп жатканынды тушунушун керек жана сынакка туура даярданыш керек. Болгону ошол....
09.07.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,ошого туура даярдоочу, стимул беруучу да бироо болушу керекби? Оз алдынча даярданган менен мугалим даярдагандын чооон айырбасы барго менимче.

Туура маселе олимпиадаларда да ушундай корунуш болот кобунчо.
09.07.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылда окуучулар кор тиричиликке жардам кылып,даярданганга кенен убактылары жок болот. Шаардын балдарына баарын ата-энеси чайнап беришет,ошону жутуш эле керек да.
09.07.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Патриот, сөзүң куру болбосу үчүн далилдечи кана?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: