Бразилияда сүрөтчү үлпөт тоюна бара жаткан кыздын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн видеого тартып алган
Интернетке Бразилиянын Сан-Паулу шаарына бара жатып кырсыкка учураган тик учактагы адамдардын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн чагылдырган видео жүктөлдү. Видео 2016-жылдын декабрь айында тартылган. Тик учактын салонунда үлпөт тоюна бара жаткан кыз, анын агасы, учкуч жана 6 айлык боюнда бар сүрөтчү аял болгон. Кырсыктан алардын эч бириси аман калган эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тик учак той боло турган аянттан бир чакырым алыс жерге кулап түшкөн. Үлпөт той өтө турган жерде аны сүйүктүүсү жана 300гө жакын адам күтүп жаткан. Кырсыкка кабылган үлпөт тойдун күнөөкөрү, 32 жаштагы Насимента Силва аттуу кыз тоюнда тик учак менен сүйүктүүсүнүн жанына учуп келүүнү кичинекей кезинен бери кыялданып жүргөн. Кыз бул кыялын ошол күнү сүйүктүүсүнө айтпастан ишке ашырууну чечкен. Сюрприз тууралуу 300 коноктун алтоо гана билген.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү видеого түшүп калган








1 |