super.kg logo

2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу концепциясы бекитилди

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу концепциясын бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтомуна кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Аталган концепция Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алдынкы багыттарын ишке ашырууга багытталган.

Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу түшүмгө ээ болуу. Концепциянын алдынкы багыттары – жагымдуу экологиялык шартты сактап калуу, интенсивдүү жер иштетүүнү ишке ашыруу үчүн жер үлүштөрүн кеңейтүү.

Каржылоонун кайсы бир бөлүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жер үлүштөрүнүн ээлеринин жана башка кызыкдар тараптардын эсебинен аткарылат. Концепцияны ишке ашыруу 2020-жылга карата айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсүнүн туруктуулугу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн 15-20 пайызга өсүшүн, калктын социалдык-экономикалык жана экологиялык шарттарынын жакшырышы, агрохимиялык, гидромелиоративдик, агротокоймелиоративдик жумуштардын аркасы менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө алып келет.

Мындан тышкары бул концепцияны ишке ашыруу ата мекендик экологиялык жактан коопсуз минералдык семирткичтер жана мелиоранттардын өндүрүшү менен ар түрдүүлүгүн камсыз кылат. Концепцияны ишке ашырууну көзөмөлдөөнү айыл чарба тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүп жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: