super.kg logo

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда атасы катуу ооруп жаткан соттолуучуну үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок

 

Бүгүн, 10-июлда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту уланды. Анда айыпталуучулардын бири Айдинбек Шамшидин уулун үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтирилди. Алардын өтүнүч катын жактоочу Шарабидин Токтосунов окуп берди.

"Айдинбек Шамшидин уулу 2014-жылдан бери "Асман медиа групп" кинокомпаниясында иштеп келет. Ал биздин чыгармачыл топто бир топ ролдорду башкы каарман катары жаратты. Анын атасы катуу ооруп жатканын да укканбыз. Учурда Айдинбектин атасы Шамшидин Төлөков өтө оор абалда өлүм алдында жатат. Ошондуктан анын үй-бүлөлүк абалы кыйын шартта болгондуктан, үй камагына чыгарып турууңузду өтүнөбүз. Ал эч жакка качып кетпейт деп биздин жамаат кепилдик беребиз", - деп жактоочу өтүнүчтү окуду.

Жактоочу өтүнүч менен дарыгерлердин Төлөковго чыгарган корутундусун сотко берди.

"Урматтуу төрагалык кылуучу, чындыгында соттолуучу Айдинбектин атасы өлүм алдында жатат. Ага дарыгерлер "ачык кургак учук дарты менен жабыркайт жана эки бөйрөгү да иштебей калыптыр" деген аныктама беришти. Ошондуктан ага ырайымчылыгыңызды көрсөтүп, үй камагына чыгарууңузду өтүнөбүз", - деди.
Бул боюнча мамлекеттик айыптоочу өзүнүн каршы экенин билдирди. Соттолуучу Айдинбек Шамшидин уулу "Чындыгында азыр атам өлүм алдында жатат. Мен барып анын алдында акыркы мүнөттөрүндө уулдук милдетимди аткарайын. Сиз деле бирөөнүн уулусуз, мындай учурда атага жакын уулу жанында болсо жакшы болор эле. Мен соттук отурумдарды үзгүлтүккө учуратпай келип катышып турам. Мени үй камагына бошотууңузду өтүнөм. Качпайм деп жигитче сөзүмдү берем", - деди. Судья чечим чыгаруу боюнча кеңешме бөлмөсүнө барып келип, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
10.07.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чексиз наалат ушул сотторго
10.07.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акмактар
10.07.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул соттордо адамдык намыс, абийир, ыйман, парз деген касиеттер калган эмес. Алар оздорунон жогоркулардын берген буйругун КЫНК этпей аткарууну жана пара алып, ошого жараша чечим чыгарышты гана билишет!!!
10.07.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Revolyutsiya2,парз деген болбойт,айланайын соттор ,олгон жерге да барбагыла мага окшоп деген го
10.07.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Anucha, парз жалгыз жаназага катышуу эмес! Оорулуу адамдын ден-соолугун сурап кабар алуу да адамдык жонокой парз болот. Жолдо бироо журогу кармап калса, тез жардам чакырып, ал келгенге чейин колдон келсе биринчи жардам корсотуу да адамдык парз болот. Ошого окшогондорду тушунуп жетпей эле динден суйлоп акыл уйроткондорду болсо, чала молдо дин бузар дейт!
11.07.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,суйлом кыргызча жазылган.бироонун созу ,,деген го" Мен эмес.Тооба,мен дагы билем парзды
10.07.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай сотторду ишке алган бийликке да наалат!
10.07.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aigerim916,Ошол бийликти шайлаган элдерге наалат!
10.07.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булар элди коргогону эмес, кордогону келген чыккынчыдар! Өздөрүнүн да башына түшсүн ушундай оор абал!
10.07.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жест
10.07.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах силерди жазаласын,силердинда бала атанар ошондой болсо анан билет эленер. Силер малдан айырманар калбады. Бир адамдын айтканын кылам деп элди да кыйнадынар. Элдинда Аллахтында назары тушсо мынданда оор абалда каласынар. Эгерде кайсы бир чондор кичине эмес чон кылмыш кылсада башы же кочугу ооруп чычалбай калсада чыгарасын. Ал эми элди болсо азаптайсынар. Кудай бар.
10.07.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыйкат,адилеттүүлүк кайда?
Кыргызстандын жана андагы бийликтин чыныгы ээси - бул Кыргыз эли.Акчанын,алдамчылыктын арты менен бийликке келген,аманатка кыянат кылган бир ууч топко качанга чейин кор болобуз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: