super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыздарга сүйүүңдү билдирүү аябай кыйын, өлүп-тирилгендей эле болосуң го"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Неге балдар коркушат?" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор мындай суроо салган: "Эмнеге балдар кыздардын "отказынан" мынчалык коркушат? Сүйүп калган кызыңарды кайырмакка илүү үчүн кандай эрдик жасагансыңар же сүйгөн адамыңарды таң калтырган кандай романтикалык эрдиктерге баргансыңар?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен аябай коркком. Ушундай "авторитетим" менен мага "отказ" кылса жаман абалга калат элем да. Бирок четке какпай тургандай кылып сүйүүмдү билдиргем. Эртеси күнү кабыл алган, жакында чогуу жүргөнүбүзгө 2 жыл болот".

"Эч качан корккон эмесмин, дайыма өзүнө ишенгендерденмин. Бир жолкусу эсимден кетпейт. Бир кызды жактырып калып, сүйүүмдү билдирсем ишенбейт. "Анда, жүр" деп аны ээрчитип алып, сейил бакка алып барып элдин көзүнчө "Айка, мен сени сүйөм!" деп кыйкырганым дагы эле эсимде".

"Кызды чын дилден жактырып, сүйсөң ушундай коркуу сезими болот. Бирок таанышып, сүйлөшүп баштаганда жок болуп кетет. Ал эми жөн эле, кайырмакка илүү үчүн болсо эч коркуу сезими да жана "отказ" да болбойт".

"Негизи коркпой эле билдирген жакшы. Эгер ал кыз да жактырса, айтат. Андай болбосо сенде көңүлү жоктугун акырын, сылык түрдө билдирип коёт. Ошондуктан жигиттер, бирөөнү жактырсаңар, коркпой билдиргиле. "Отказ" кылып койсо кантем" деп илээшип жүрө берсеңер, башкасын да алдырып жибересиңер. Бүгүн карабаган кыз, 1-2 айдан кийин деле карабайт".

"Сунушту четка какса, жигит чөгөт, "башкалардан эмнем кем" деп алсырайт. Мен дагы "отказдан" ушундай корком, ошондуктан азыркы сүйгөнүмө сезимимди айта албай жүрөм. Бирок жакында айтам. Эч кандай романтикалык эрдиктерди жасаган эмес экенмин, балким, келечекте жасап калармын. Сүйгөнүмө сүйүүмдү айта албай жүрсөм, кайдагы эрдик жасоо болмок эле".

"Айтсам "отказ" кылып койсо кандай болот" деп чочулап дагы деле сүйүп жүрө берген өзү эрдик эмеспи, ыя? Мен "отказ" алган эмесмин, болгону билип турса да айталбай койгом. Айтыш аябай кыйын, өлүп-тирилгендей эле болосуң го, чиркин".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.07.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
омиииий ай.Анда суйуусун билдирген жигитке ойлонуп жооп бериш керек экен да...
10.07.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуштар,өлүп тирилгениңер жакты )))
10.07.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олуп тирилгендейи жакшы экен...толготуп торогондой болосун дебептир...
10.07.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sessa, хехе))
12.07.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын суйгондор ошентип коркушса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: