super.kg logo

Бишкек-Токмок жолунда 8-июлда автокырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталды (тизме)

 

Бишкек-Токмок унаа жолунда 8-июлдагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул туурасында Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясындагы өздүк булак кабарлады.

"Жол кырсыгына кабылгандар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жатышкан. Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында таңкы 6ларда Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу уктап кетип, жолдун четиндеги тосмону сүзүп алган. Натыйжада каза болгондор: Куттубек Сабырбеков- айдоочу, 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган, Айлена Аскарбекова 2000-жылы туулган Бишкектин Арча-Бешик конушунун жашоочусу, үчүнчү каза болгон Азамат аттуу жүргүнчүнүн толук аты-жөнү такталууда. Ал эми 1999-жылкы Бишкектин тургуну Альбина Абдимамбетова Токмок шаардык ооруканасына түшкөн. Учурда анын абалы туруктуу", - деди өздүк булактан.

Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 8-июлда эртең менен Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көлдөн келе жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде эки кыз жана эки бала болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.07.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
2000-жылкы кыздар xxx жарап калганбы. Көлгө барып эс алгыдай болуп
10.07.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абайлап айдагылачы айдоочулар силердин айынардан канчалаган омурлор кыйылып жатат шашып кайда бврасын жетесин ошол жерге 1 саат кечигип бар акырын айдап жол эрежесин сактап шашып эмне болдунар жайлары жаннатан болсун эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: