super.kg logo

Алмазбек Атамбаев Монголиянын жаңы шайланган президентин куттуктады

 

Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаев Халтмаагийн Баттулганы Монголиянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Шайлоодо жеңишке жетишүү Монголиянын алдында турган экономикалык жана социалдык актуалдуу милдеттерди чечүүгө багытталган пландарыңыз шайлоочулардын кеңири колдоосуна ээ экендигин ырастап турат. Сиз президент болгон жылдары Монголияда экономикалык өнүгүүдө жаңы жетишкендиктер жаралып, ал эми өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркы мындан ары дагы өсөрүнө ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-монгол мамилелеринде бардык негизги багыттар боюнча активдүү динамика бар экендигин белгилеген. Атамбаев эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: