super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табыпка козголгон кылмыш иши токтотулду

 

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда адамдарды мыйзамсыз дарылап келгендиги боюнча жеке табып Хашим Зайналиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Хашим Зайналиев аттуу жаранга өткөн жылы Кылмыш жана жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Тергөөнүн жүрүшүндө анын үстүнөн арыздануучу жок болгондуктан кылмыш иши токтотулду. Бирок анын Көк-Жар конушу тараптагы жеке бейтапканасы толугу менен жабылды. Зайналиев мындан аркы ишмердүүлүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен тиешелүү уруксат кагаздарын алганда гана улантарын айтты. Эгерде кайрадан мыйзамсыз дарылоо ишин жүргүзүп баштаса, кылмыш иши козголот", - деди Оморов.

Эскерте кетсек, Хашим Зайналиев онкологиялык оорулар менен жабыркагандарды дарылап жүргөн. Иликтөөдө анын эч кандай медициналык билими жок экени, лицензиясыз иштегени аныкталган. Буга чейин Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан 56 жаштагы А.Г.А. аттуу аялдын каза болгону айтылган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.07.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам болбойт деп чыгарып койгон айымдарды алдап дарылагансып журот шумшук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: