super.kg logo

5-майда жоголуп кеткен 9 жашар кыздын сөөгү табылды

 

Бишкектен 5-майда жоголуп кеткен 9 жашар кыз Лидия Видясованын сөөгү Ысык-Ата районунан табылды. Бул тууралуу 18-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми кылмышка шектүү делип 2 адам, 30 жаштагы Андрей Овчинников жана Лидияны караган бала багуучу Бактыгүл Бекказиева кармалган. Кылмышка шектүү Андрей Овчинников мурун соттолуп, жаза мөөнөтү бүтө электе түрмөдөн качып кеткен. Ошондой эле ал кыздын бала багуучусу менен спирт ичимдиктерин ичип, андан соң кызды Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылына алып барып, уктап калганын айтат. Ойгонсо кыз ыйлап жаткан экен. Телевизордон кызды милиция кызматкерлери издеп жатканын көрүп, түрмөдөн качып кеткендигине байланыштуу коркуп, кызды тумчуктуруп өлтүрүп, андан соң денесин целлофан баштыкка ороп, жер төлөгө алып кирип, аң казып көмүп салган. Маалым болгондой, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.05.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак
18.05.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак эмнелерге гана алып барбайт адам затын
18.05.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала багуучу алаарда жакшылап сураштырып алыш керек да. Ичимдикке, эркектерге жакын окшойт анысы.Байкуш кыздын кайсы куноосу учун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: