Кыргыздын эң сулуу айымы аныкталды
“миссис Кыргызстан” наамын Назик Сагынбекова жеңди.
Кечээ, 10-июлда борбор калаадагы тойканалардын биринде “Миссис Кыргызстан-2017” сынагы болуп өттү. Анда турмушка чыккан кыздар арасындагы сулуу аныкталды. Белгилүү болгондой, “Миссис Кыргызстан” наамын Назик Сагынбекова аттуу сулуу багынтса, вице-миссис Жылдыз Мажитова, экинчи вице-миссис Махинур Розиевага буюрган.
Буга чейин сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова SUPER.KG порталына сынакта биринчиликти багынткан сулуу 2018-жылы өтүүчү “Аалам айымы-2018” сынагына катышарын билдирген.
Айта кетсек, быйыл “Аалам айымы-2017” сынагына Кыргыз жеринин атынан Аида Чоткараева катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
3
3

Супер-Инфо
super.kg видео

















Кыргыздын эң сулуу айымы бул кызыбыз болсо, башка кыздар тынч эле жүрсүн.
Уй-булоолуу айым учун келбети жакшы эле экен,бирок жанындагы вице-миссис сулуураак корунду мага.