super.kg logo

Жактоочу камакта жаткан Түштүк Кореянын мурунку президенти психикалык жактан ооруп баштаганын айтып чыкты

 

Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хе 10-июлдагы соттук отурумга катыша алган эмес. Буга анын бутун кокустатып алганы себеп болгон. Бул тууралуу жеригиликтүү басылмалар жазышууда.

Мурунку президент психикалык жактан жабыркады деген сөздөр айтыла баштаган. Бул боюнча жактоочу Шин Доң Уг : "Чын эле психикалык жактан жабыркагандагы белгилер байкалып жатат. Мисалы, кечки тамак ичкенден жарым саат өткөндөн кийин эле Пак "кечки тамак качан берилет?" деп сурап калат. Бир нече жолу өзү менен өзү сүйлөшүп жатканы да байкалды. Айрым даталарды, туугандарынын аты-жөнүн эстей албай калууда", - деп билдирген.

Эске салсак, Пак Кын Хенин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасы талап кылынган. Өлкөнүн Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен ал президенттик кызматтан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.07.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КСДПнын журт атасыда этият журсун бир кун Туштук Кореянын мурунку президентиндей абакта олтуруп калбасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: