Селден кийинки Араван (фото)















Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында, Кичи-Алай айылынын Кызыл-Шоро участкасында 8-9-июль күндөрү күндүн катуу ысыгандыгына байланыштуу мөңгүлөрдөн эрип түшкөн суулар турак жайларга, короолорго кирип, кышкы тоюттарды, кампаны агызып, мал сарайларды, спорттук аянтчаны, эгилген эгиндерди жараксыз абалга алып келди.
Андан сырткары сел агындылары 2 жеңил (Нива жана Жигули) жана 2 жүк ташуучу унааны (ГАЗ-53 жана ЗИЛ) каптап калган. Ошондой эле селдин кесепетинен 1 даана ТП-63 электр чордону, 2 даана электр мамычалары жараксыз болуп, 200 метр электр чубалгылары үзүлүп, айыл электр энергиясыз калган. Узундугу 5, туурасы 3,5-4 метр ички чарбалык көпүрө да жараксыз абалда, жолдордун 300 метр аралыгын таш аралаш ылай басып, тосулуп калган.
Учурда каттамды калыбына келтирүү, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Аравандагы сел








1 |