super.kg logo

Бишкек шаарында таштанды чыгаруу системин өзгөртүү сунушталды

 

Бишкек шаарынын тургундары таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөй, таштанды чыгаруучу кызматын бекер колдонуп жатышканы тууралуу бүгүн, 11-июлда шаардык мэрияда коомдук талкууга коюлду.

"Бишкек шаарында таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында таштанды чыгаруу системин өзгөртүү сунушталды. Европа банкы тарабынан Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системин жакшыртууга 22 миллион евро, анын ичинде жарымы грант, калганы насыя түрүндө берилгени маалым болду. Ошол каражаттан былтыр таштанды таштоочу контейнерлер орнотулду.

Шаардын тазалыгына арналган долбоордун автору Янис Пролс мурунку таштанды чогултуу системи эскиргенин билдирди. Ошондой эле калдыктарды чогултууга жакшы көңүл бурулбай жатканын айтты.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандыларды жок кылуу милдетин мурда аткарып келсе, азыр "Санитардык полигон" ишканасы аткарууда. Жаңы системде жарандарды каражат төлөөгө милдеттендирүү керек. Башка өлкөлөрдө шаарды булгаган адамга айып салуу мыйзамы бар.Таштандыны чыгаруудагы 100 пайыз чыгымды жарандар өздөрү төлөш керек. Тарифти жогорулатуунун зарылчылыгы жок. Мурунку боюнча эле калтырса болот”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: