super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан президенттикке талапкер болуп бекитилди

 

Бишкекте 11-июлда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайы өтүп, президенттикке Адахан Мадумаровдун талапкерлиги бекитилди.

Мадумаров: "Бүгүнкү бийлик - арам бийлик. Ар кандай жолдорго барат. Булар мыйзамды бузат, шайлоону таза өткөрүшпөйт. Булар мыйзамды бузса биз эмне үчүн ыймандуу болуп жалдырап турушубуз керек. Мурунку шайлоолордо 3 жолу ак таяк, көк таяк болуп чабышууну колдогон эмеспиз. Бул жолу бийлик ак таяк көтөрсө, биз көк таяк көтөрөбүз. Муш көтөрсө, биз дагы муш көтөрүүгө даярбыз", - деди.

Үчилтик шайлоодо өз алдынча аракет кылса туура болорун айтты.

"Биз бирге чыгып алсак... Өз ара сүйлөшүп жатабыз. Өзүбүздүн иш пландарыбыз бар, ошол жол менен кете беребиз. Айрым жерлерин силер түшүнбөй калышыңар мүмкүн", - деди "Бүтүн Кыргызстандын" лидери.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров 2011-жылы президенттик шайлоого катышып, 2-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: