Москванын соода борборундагы өрттүн күбөсү: "Ошол маалда типографияда чыккан өрт эсиме келди"

Кечээ, 10-июлда Москва шаарында Дмитровское шоссесиндеги "Рио" соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн 2 Кыргыз жараны жабыркаганы маалым болду. Аталган борбордо иштеген дагы бир Кыргыз жараны Бакытбек Усупбек уулу ал жердеги ашканалардын кызматкерлеринин 50-60 пайызы кыргыздар экенин бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына билдирип, кырсык тууралуу айтып берди.
"Бул борбордогу ашканаларда иштегендердин 50-60 пайызы кыргыздар, ал эми дүкөндөрүндө жок дегенде 1-2ден мекендештерибиз иштешет, жалпысынан 200гө чукулбуз. Өрт кездемелер сатылган дүкөндө минус 1-кабаттан чыкты. Мен иштеген "Окей" гипермаркети так ошол дүкөндүн үстүндө жайгашкан. Эки кабаттын ортосу ачык болгондуктан, өрттүн кара түтүнү ылдам жайылып, каптап кетти. Өрт чыкканда жогорку кабаттын сырт жагында жүргөм, жумушума кайтып бара жатсам, элдер качып чыгып жатышыптыр. Эч нерсени түшүнгөн жокмун, себеби өрт кырсыгынан кабар берчү белги берилген жок. Ичин көздөй басканда гана кара түтүндү көрүп, өрттөнүп жатканын түшүндүм. Ошол маалда былтыр типографияда чыккан өрт эсиме түштү. Документтерим соода борбордун ичинде калгандыктан, кызматкерлердин эшигинен кирип, аларды алып чыкканга араң үлгүрдүм", - дейт күбө.
Анын айтымында, өрттү өчүрүүгө 40ка жакын өрт өчүрүүчү унаа жана 2 тик учак тартылып, 170тен ашуун куткаруучу иштеди.
"Өрт чыккан жерде кыргыз байкелер иштешчү. Алар документтерин, уюлдук телефондорун алганга жетишпей калышыптыр", - деп кошумчалады Бакытбек Усупбек уулу.
Москвадагы "РИО" соода борборундагы өрт (2)
Москвадагы "РИО" соода борборундагы өрт




1 |