super.kg logo

Нарындагы «Кыргыз алтындын» кампасынан курамында алтын бар кенди тоноого шектелип Эмгекчил айылынын 23 тургуну кармалды

 

Нарын районундагы «Кыргыз алтын» ачык акционердик коомунун кампасынан Эмгекчил айылынын ондогон тургундарына курамында алтын бар кенди өз алдынча жүктөп кетүүгө аракет жасагандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында SUPER.KG’ге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Ырысгүл Жайлообаева билдирди.

"Эмгекчил айылы "Кыргыз алтындын" "Солтон-Сары" кен казуу ишканасына жакын жайгашкан айыл болгондуктан жергиликтүүлөр өз алдынча алтын казуу жумуштарын буга чейин да жүргүзүп келишкен. Мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мекеменин аймагын кайтарууга милиция кызматкерлерин күзөткө коюу чечимин кабыл алышат. Бирок ага карабастан милицияны көзгө илбей 8-июлдун түнүндө Эмгекчил айылынын 30-40тай тургундары кампадан курамында алтыны бар кенди каптарга салып, унааларга жүктөп кетүүгө аракет жасашкан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси 2-3-4-бөлүктөрү (тоноо, адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан) боюнча кылмыш иши козголуп, бүгүн, 11-июлда Эмгекчил айылынын 23 жашоочусу кармалып милицияга алынып келинди. Алар менен учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Жайлообаева.

Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына Нарын районунун "Солтон-Сары" алтын кен ишканасында алтын казып иштеген айыл тургундарын милиция кызматкерлери кубалап жатышкандыгын жергиликтүүлөр маалымдаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: