super.kg logo

5 айдын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 874 миллион долларга жетти

 

2017-жылдын январынан май айына чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 874,1 миллион долларга жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,4 пайызга жогорулады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, мында экспорт - 29,3, импорт - 6,3 пайызга көтөрүлгөн. Сооданын эң көп үлүшү Орусия (51,8) жана Казакстан (48,2 пайыз) менен болгон.

Орусияга экспорттолгон товарлардын ичинен кийим-кечек 2,8, кургатылган жемиштер 2,7, пияз 5,9 жана сабизди чыгаруу 1,9 эсеге көбөйгөн. Бирок кургатылган буурчак жемиштерин чыгаруу 2,8 эсеге азайган. Ал эми Орусиядан импорттолгон товарлардын ичинен сүт азыктары 1,9 эсеге, жыгач материалдары 5,1 эсеге, дары - дармектер 2,0 эсеге, өсүмдүк майы 16,1 пайызга көбөйгөн.

Казакстанга экспорттолгон товарлардын ичинен айнек 3,1 эсеге, мөмө-жемиштер 2,1 эсеге, жашылча 28,2 пайызга, сүт азыктарын алып чыгуу 37,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми Казакстандан алынып келинип жаткан кондитердик азыктар 2,7 эсеге, күрүч 3,4 эсеге, газдалган минералдык суулар 1,6 эсеге, көмүр 10,6 пайызга, өсүмдүк майы 22,4 пайызга өстү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: