super.kg logo

Комиссия Балыкчыдагы эненин кош бойлуу кезиндеги түйүлдүктөрүнүн санын аныктай алган жок

 

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин №585-буйругу менен Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыевдин арызы боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү окуя болгон жерге барып, бул окуяга жол берген аймактык оорукананын дарыгерлеринен түшүндүрмө алып, медициналык документтерди изилдеп чыгышканын кабарлашты министрликтен.

"1981-жылкы Махабат Намазбекова үй-бүлөлүк медициналык борборуна 2017-жылдын 19-январында "16-17 жумалык кош бойлуулук. Жатындагы 2 кесик. Эгиздер" диагнозу менен антенаталдык учётко турган. 2-8-май аралыгында кош бойлуулугунун 31-32-жумаларында эрте төрөп коюу коркунучу жаралгандыктан, стационардык дарылоодон өткөн. 2-майда келген маалында диагноздо эгиздер экени жазылган. Ошондой эле 4-майда күндөлүктө сыртынан изилдегенде 2-түйүлдүктү так аныктоо мүмкүн болбогону жазылган. Мындан сырткары ооруканадан 8-майда чыгарылып жатканда бейтаптын медициналык картасында "Кош бойлуулук 32-жума. Эрте төрөө коркунучу. Жатындагы эки кесик. Эгиздер?" деген диагноз жазылган. Тактап айтканда, ал ооруканадан чыгарылып жатканда, "эгиздер" диагнозу суроо жараткан", - деп билдиришти министрликтен.

Комиссия жатында эки кесик бар болгондуктан эгиздерди сыртынан аныктоо оор экенин баса белгилеп, сырткы изилдөөдөн эгиздердин так аныктамасы болбогонун кошумчалаган. Намазбекова 31-майда аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер 2-түйүлдүктү аныктоо мүмкүн болбогонун, анын жүрөгүнүн согушу угулбай жатканын жазышкан.

"УЗИ түйүлдүктө эгиздер экенин аныктаган. Бирок күндөлүктөгү кийинки жазууларда экинчи түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушу угулбай жатканы белгиленет. УЗИ адистери туура эмес жыйынтык чыгарып алышкан болушу мүмкүн. Себеби эски УЗИ аппараттарынын ультра үндүү нурлары болгону 18 сантиметрди түзүп, так көрсөтө албайт же адистин тажрыйбасы аз болгон. Эгиздерди аныктоо үчүн жакшы клиникада жок дегенде бир жолу ультра үндүү сканерлөөдөн өтүү керек", - деп жазылат маалыматта.

Эгер УЗИнин диагнозу менен сырткы изилдөөнүн жыйынтыктары бирдей болбосо, дарыгер кошумча изилдөөлөрдү өткөрүшү керек болчу. Аймактык оорукананын дарыгерлери кошумча изилдөөнү аткарышкан эмес. 6-июнда саат 9:06да 3250 грамм ымыркай төрөлгөн. Эне 12-июнда канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылган.

"Комиссия тарабынан УЗИнин протоколдорунун бирине да сүрөт же ультра үндүү сканердин жазуулары тиркелген эмес. Мындан сырткары ал протоколдор бири-бирине каршы чыгууда. Мисалы, 3 жолу эгиз деп аныкталса, 3 жолу бир түйүлдүк деген аныктамалар берилген. УЗИнин так сүрөттөрү болбогондуктан, төрөткө чейинки карама-каршы диагноздордон улам, бейтаптын кош бойлуу кезиндеги түйүлдүктөрүнүн санын аныктоо мүмкүн болгон жок", - деген чечим чыгарган комиссия.

Учурда бул иш боюнча Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Иликтөө иштери бул жагдайдын чын-төгүнүн аныктайт", - деген министрлик.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев аялы Махабат Намазбекова төрөгөнгө чейин УЗИге бир нече жолу түшүп, бардыгында эгиз деп көрсөткөнүн, ооруканадан бир эле кыз төрөлдү дегенине ишенбей турганын айтып, УКМКга арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
12.07.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аа иттер.наристенин жашоосу менен ойногондон коркпогон.силерден баарын кутсо болот.Элди мал деп ойлоп алыпсынар.Узи кандай адашат я.жынысынан бери корсотуп койгон узи 2адам жатканын кантип билбесин.Кагазынарга ит ишенбейт.жаны карта ачып баарын озунорго туурлап жазаарынарды баары билет.Бироону какшатып баласын жоктотуп.Эне менен баланы ажыратпасын АЛЛАХЫМ.
12.07.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
неге эки кесик?бир эле кесик эмес?Суйлошулгон боюнча неге атасын киргизбеди?ушуларга жооп бербейби,?
12.07.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир гана кудай билет мумкун жалгыз эледир
12.07.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жакында эле узиге түштүм.Бирок канааттанбадым.Жүрөк согушун даана угузуп бере алган жок.Болгону беш минутага жетпей текшерип бүттү.Жүрөгү согуп атабы десем,укпадыңбы согуп атат го дейт.Экрпндагы кызыл сызыктар жүрөк согушун билдирет деп койду ошо.Эми россияга барсам ошояктан түшөм деп отурам.Жүрөк согушун даана угузуп берет жана сүрөтүн да чыгарып берет.
12.07.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nazi25,узиге тушуу зыян балага ж,а эненин Ден соолугуна .кайра кайра тушуунун эч кажети жок..мисалы менин 4 балам бар ..баарына эле башында Бир жолу узиге тушуртком келинчегими,кийин чакырганда барбай койгон. КУДАЙГА шугур балдарым Ден соолуктары жакшы торолушту
12.07.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirlanpiter,Узи зыян эмес рентген зыян.
12.07.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
meni_kut,зыян балага
12.07.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УЗИ адашса да эненин журогу алдашпайт.
13.07.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганын козун чукубайт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: