Кыргыз жеринде бруцеллёз оорусуна кабылгандардын саны өсүүдө
Кыргыз жеринде бруцеллёз оорусуна кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, өткөн жылы бул ооруга кабылгандардын саны 388 болсо, соңку 6 ай ичинде бруцеллёз менен жабыркаган 422 адам катталган. Алардын арасында 14 жашка чейинки 46 өспүрүм бар. Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында кездешет.
Андан сырткары өлкө боюнча жаныбарлардын тиштеп алуусунан жабыркаган 5078 жаран кайрылган. Алардын жарымынан көбү 14 жашка чейинки өспүрүм балдар. Ошондой эле Баткен облусунун Исфана шаарында гидрофобия менен жабыр тарткан бир адам катталган. Ал эми кара тумоо, тырышма жана сибир жарасы менен жабыркагандар кездешкен эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tyrgon

12.07.2017. 22:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бруцелез менен омур бою оруйт экен Адам кыз келиндер торобой калат экен угушумча мал доктурлар жугузат имиш
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.