super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жарандардын кат жүзүндө арызы жок болсо, биз курулушту текшере албайбыз" дейт адистер

 

Бишкек шаарынын Балбан-Таймаш жаңы конушунун жашоочусу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу алар жашап жаткан турак үйлөрдүн жанына май куюучу жай курулуп жатканын билдирген.

Анда окурман Профсоюзная көчөсүндө турак үйлөрдүн жанына май куюучу жайды жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай куруп жатышканын айткан.

Бишкек шаарынын экотехинспекциясынын аймактар боюнча башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев тургундардан арыз түшмөйүнчө, курулушка барып текшере албай турганын билдирди:

"Эгерде мыйзамсыз куруу иштери жүрүп жатса, жабырлануучу тарап биринчи Экотехинспекцияга арыз менен кайрылышы керек. Арызы жок биз эч жакка чыга албайбыз. Ал эми жогорудагы май куюучу жай тууралуу бизге арыз келип түшкөн эмес. Андыктан биз бул маселе боюнча аракет көрө албайбыз. Арыз менен кайрылса, ал ишти текшерүүгө алабыз".

Белгилей кетсек, май куюучу жай турак үйлөрдөн 50 метр алыстыкта курулушу керек.






Балбан-Таймашта курулуп жаткан май куюучу жай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
30.06.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошол жергде уй салып жашаганга уруксат деген бир кагазынбарбы? захват менен салып алып эле кыйын боло бересинби.
Медиа-портал
12.07.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat4445, ошол заправканын кызматкери болосунбу???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: