Ленин райондук сотунун имаратында сабалган конвойдун арызы каралып баштады
Ленин райондук сотунун имаратында сабалган конвойдун арызы каралып баштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Арыз менен кайрылган конвойдун ишин Бишкек шаарынын Ленин РИИБи кароодо. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алган жаракаты боюнча жыйынтык чыгарылгандан кийин милиция кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселесин карайт. Азырынча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертиза жыйынтыкты бере элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум өткөн. Анда кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышкан. Бирок аларды конвой токтотуп калган эле. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөрүшкөн.
Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
