super.kg logo

Эми аймактардагы бейтаптар онлайн түрүндө Бишкектеги дарыгерлерден кеңеш алышат

 

Бишкектеги Улуттук госпиталда бүгүн, 12-июлда телемедициналык кабинет ачылды. Ачылыш аземге Кытайдан келген делегациянын өкүлдөрү, жергиликтүү дарыгерлер катышып, Каракол жана Үрүмчү шаарларындагы ооруканаларга онлайн-консультацияларды өткөрүштү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева: "Кытайдын Үрүмчү шаарынын башкармалыгы тарабынан Кыргыз мамлекетиндеги 15 саламаттыкты сактоо уюмуна телемедициналык кабинетке керектүү шаймандар орнотулган. Телемедициналык кабинеттердин жардамы менен Улуттук госпиталдагы тажрыйбалуу дарыгерлер онлайн түрүндө аймактардагы кесиптештери менен байланышып, кеп-кеңештерин бере алат. Ошондой эле республиканын башка аймактарындагы бейтаптар борбордогу дарыгерлер менен видеоконференция аркылуу байланышып, маселелери боюнча кайрылса болот", - деп билдирди.

Дарыгерлер бул долбоор медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртарын жана өлкөдөгү дарыгерлердин ортосундагы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөрүн баса белгилешти. Телемедициналык шаймандар Бишкектен сырткары Жайыл районундагы, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ооруканаларда орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.07.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы. Бизде бул система орнотулганына бир жыл болду. Тажрыйбада жакшы жардам болот экен. Негизи башкаруу жагына жакшы, жаш иштейм дегендер келсе тез өнүгүп кетсе болот окшойт.
12.07.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип байланышат?
13.07.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida, саламатсызбы? Байланышуу үчүн жергиликтүү ооруканага барышыңыз керек болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: