Кыргыз өлкөсүндө туристтердин атылган коёндор менен тартылган видеосу талкууга түштү
Кыргыз өлкөсүндө туристтердин атылган коёндор менен тартылган видеосу интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Интернет колдонуучулар "биздин жаратылышты акчалуу чет өлкөлүктөр талкалап жатат", - деп ачууланышса, айрымдары "алардын уруксаты бар, атайын мергенчилик кыла турган жайлар бар", - деген пикирлерин билдиришти.
Ал эми бул туристтердин эс алуусуна көмөктөшкөн туристтик компаниянын өкүлү Жылдызбек Музуратбеков алар Араб өлкөлөрүнүн жарандары экенин айтат. Ошондой эле Музуратбеков туристтер Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин ушул туристтик компания менен байланышып, кызмат көрсөтүүнү сурашканын билдирди.
"Туристтер Суусамырдагы кымыз ичип, эс ала турган жайга барышып 3 күн конок болушкан. Кийин алар менен өз ара келише албай калдык. Андан кийин туристтер башка айдоочуларды жалдап Ысык-Көл тарапка кетишкен. Бул видео бизден кеткенден кийин тартылыптыр. Видео интернетке чыкканда биз ал айдоочуларды таап байланыштык. Айдоочулар коёнду арабдар атпаганын, алар жергиликтүү аңчылардан коён менен сүрөткө түшүп алуу үчүн убактылуу алган деп билдирди. Ошондой эле айдоочу сүрөткө түшкөндүктөрү үчүн туристтер жергиликтүү мергенге 1000 сом акча бергенин айтты", - дейт Музуратбеков.
Кыргыз жеринде аңчылык кылышкан чет өлкөлүктөр
















1 |