super.kg logo

2017-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн республика боюнча 690 жумуш орун каралган

 

2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга республикада бекитилген квотанын саны 690 жумуш орунду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

690 орундун ичинен Бишкек шаарында 168, Баткен облусунда 79, Чүй облусунда 28, Талас облусунда 119, Нарын облусунда 18, Ош облусунда 18, Жалал-Абад облусунда 139, Ысык-Көл облусунда 43, Ош шаарында 34 орун.

"Бүгүнкү күндө министрликтин аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө 449 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинен 206сы аялдар. Иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 157 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам ишке орноштурулган, анын ичинен квоталанган орундарга 97си орношкон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жаштарды ишке орноштурууга көмөктөшүүдө Жаштар эмгек биржасы иш-чараларды жүргүзөрү маалым болду. Аталган мекемеге жыл башынан тартып 5 миң адам кайрылса, анын 2,6 миңи ишке орноштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: