super.kg logo

MegaCom: "Бактылуу SMS'тер" Викторинасынын жеңүүчүлөрүнүн саны арбып келет!"

 

"Бактылуу SMS'тер" викторинасынын алкагында MegaCom түйүнүнүн дагы бир абоненти заманбап iPhone 6S смартфонунун ээси болду.

Кезектеги жеңүүчүбүз Нуриля Кубатова өз кубанычы менен мындайча бөлүшөт: "Бул менин биринчи жолку жеңишим. Мен викторинага жарым жылдан бери катышып келем, жыйынтыгында утушка жеттим! "Бактылуу SMS'тер" викторинасынын жардамы менен мен өзүм үчүн дагы көп нерсени билип алдым".

Викторинанын шарты боюнча MegaCom абоненттеринин күн сайын 15 000 сом утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми эң активдүү катышуучу ар бир айдын жыйынтыгы боюнча iPhone 6S утуп ала алат. Эсиңиздерге сала кетсек, жакын арада бардык катышуучуларды 3 миллион сом өлчөмүндөгү Мега байгенин ойнотулушу күтөт.

MegaCom'дон "Бактылуу SMS'тер" кызматын кошуп алып, катышуучу болуңуз жана билим деңгээлиңизди сынап көрүңүз. 2017 номуруна каалагандай SMS жөнөтүңүз же *2017# кыска буйруусун терсеңиз, түйүн ичинде 20 SMS аласыз жана өзүңүздүн билимиңизди текшере аласыз. Мега байгенин ойнотулушуна катышуу үчүн абонентте викторинанын акыркы 3 айы үчүн төлөнгөн 20дан кем эмес топтом жана учурдагы күнгө карата топтомдун болушу шарт.

Сиздин номуруңузга жооптун варианттары менен суроолор келет. Алардын ичинен туура жоопту тандап жөнөтүү зарыл. Бул жерде ыкчамдык талап кылынат. Ар бир туура жооп үчүн 10 балл эсептелет. Бардык талаптарга жооп берген жана өтө кыска убакыттын ичинде эң көп балл топтой алган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Викторина жана катышуу эрежелери тууралуу luckysms.megacom.kg сайтынан жана 2017 кыска номуру боюнча билүүгө болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: