super.kg logo

18 жаштагы студент Арина Тургунбекова британиялык “The Voice UK” сынагынын тандоо туруна катышууда

 

Кыргыз студент кызы Арина Тургунбекова британиялык “The Voice UK” сынагынын тандоо туруна катышууда. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына маалымдады.

Айтымында, ал сынактын биринчи тандоо турунан өткөн. Учурда экинчи тандоо турунун жыйынтыгын күтүүдө.

“Мен кичинемден бери чоң сахнага чыгууну кыялданчумун. Мындан улам бир да жолу кыргыз шоу-бизнесине аралашууга аракет кылган эмесмин. Себеби бизде ырчы болуп чыгуу өтө эле оңой. Буга чейин Лондондогу “Х-фактор” долбооруна 2 жолу арыз таштап, экөөндө тең уктурууга чакырылгам. Тилекке каршы, алар берген аз убакыттын ичинде виза үчүн документтер бүтпөй калып барган эмесмин. Бул жолкусунда “The Voice UK” долбооруна ырдаган видеолорумду жиберип, тандоодон өттүм. Жакында 2-турдун тандоо туруна катышуу үчүн Лондондун “London Television Centre” телеканалына барып келдим. Жыйынтык август айында маалым болорун айтышты”, - дейт ал.

Арина Тургунбекова 18 жашта. Учурда Борбор Азиядагы Америка Университетинин студенти. Кесиби боюнча кыл кыякчы.






Жагымдуу үндүү Арина Тургунбекова (2)

Жагымдуу үндүү Арина Тургунбекова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.07.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын онорун оркундой берсин кааларым жениш
12.07.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кыргызстанда ырчы болуу оной"вот именно:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: