super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Антарктидадан аянты 5 миң чарчы чакырымдай айсберг бөлүндү

 

Британиялык Суонси университетинин өкүлдөрү көптөн бери Антарктидада байкоо жүргүзүп келишкен. Алардын айтымында, материктен салмагы 1 триллион тонналык айсберг бөлүндү. AFP агенттиги билдиргендей, айсбергдин аянты 5 миң чарчы чакырымдай.

"Айсберг болжол менен дүйшөмбү менен шаршемби күндөрүнүн аралыгында бөлүндү", - дешет окумуштуулар.

Ал континенттин жээгиндеги Ларсен С музундагы жараканын чоңоюшунан улам бөлүнгөн. Анын жоондугу болжол менен 350 метрди түзөт. Окумуштуулардын пикиринде, бул айсберг Антарктиданын жээгиндеги муздарын бириктирип турчу. Мындан ары ал муздар да бөлүнүшү мүмкүн.

Ошондой эле Суонси университетинин өкүлдөрү айсберг глобалдык ысуудан бөлүнбөгөнүн, дүйнөлүк океандагы суунун деңгээли көтөрүлбөй турганын болжолдошууда. Бирок алардын оюнда, жээктеги муздар Антарктиданын ички айсбергдерин океанга чыгарбай турат. Эгер жээктеги муздар да бөлүнсө, дүйнөлүк океандагы суунун деңгээли 10 сантиметрге жогорулайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
12.07.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин бир райондун аянты экен да... Болбосо Бишкек шаары менен Чуйдун 1 району батчу абдан чон айсберг экен. Окунучтуу. Бул кетиште климат кескин озгоруп адамзаты жабыр тартат го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: