super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалпак-Таш айыл өкмөтү: "Батирде жашаган согуш ардагерине үй салып бере албайбыз"

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине айыл өкмөттөн жардам берилүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы Кутманбек Эралиев билдирди.

"Согуштун ардагери Жумабай Амировго жардам берип жатабыз. Анын үйү жер көчкү алдында калып, учурда балдарынын үйүндө жашайт. Буга чейин үй салууга 4 миң даана кыш, 1,5 тонна цемент Өкмөттүн эсебине түшкөн акчадан 100 миң сом берилген. Эки-үч күн аралыгында дагы 100 миң сом берилиши күтүлүүдө. Айыл өкмөт өз күчү менен ардагерге үй куруп бере албайт. Биздин бюджет тартыш, айыл өкмөт дотацияда отурат. Учурда Амиров Куршаб айылында балдарынын ижарага алган үйүндө баш калкалап жатыптыр. Тез арада үйүн бүтүрүүгө салым кошуп, жакынкы күндөрү айыл өкмөттүн казынасынан 20-30 миң сом жардам беребиз", - деп билдирди Эралиев.

Эске салсак, буга чейин окурман согуштун ардагерине өкмөттөн көӊүл бурулбай жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.07.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол материалдарды бербей туруп уй салып бербейсинерби, мынча кирпич цемент бердик дебей уят эле.
13.07.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы бирине салат эми берсе окмот уй берсин, айыл окмот колунан келгенин кылып эле атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: