Кара-Суу районундагы өрт кырсыгынан бир адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилди
Кара-Суу районундагы өрт кырсыгынан бир адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 12-июль күнү саат 18:33 чамасында келип түшкөн.
"Өрттүн кесепетинен Нариман айылындагы "Встреча у Дастана" кафесинин чатыры, пластик шыбы, эшик-терезелери, столу, килем, төшөктөр күйгөн. Ошондой эле кафенин ичинен 1970-жылы туулган Т.У. аттуу ашпозчу аялдын күйүп калган жансыз денеси табылган. Ал эми экинчи ашпозчу түтүнгө ууланып, оор абалда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
omurbekFCB

13.07.2017. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жаман болгон турбайбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.