super.kg logo

Роза Отунбаева сотто: "2010-жылы 13-майда Текебаев менин көз алдымда болгон"

 

Кыргыздын экс-президенти Роза Отунбаева сотто Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары көрсөтмө берүүдө. Отунбаева 2010-жылы Убактылуу өкмөт кандай шартта түзүлгөнүн, кандай кадамдарга барганын айтып берди. 2010-жылдын 11-13-май күндөрү Убактылуу өкмөт кантип иштегенин хронология тартибинде баяндоодо.

Белгилүү болгондой, Текебаев "2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский менен жолугушуп "Супара" эс алуу жайында "Мегаком" боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн" деп айыпталууда. Роза Отунбаева 2010-жылдын 13-май күнү Текебаев Убактылуу өкмөттүн жыйындарына катышып, көз алдында болгонун ырастады.

"Ал күнү өлкөдө кыйын кырдаал болчу, бакиевчилер түштүктө облустук администрацияларды басып алууга аракет кылып жаткан маал эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тез-тез жыйынга чогулуп турчубуз. 13-май күнү Текебаев жана Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү мен өткөргөн оперативдүү жыйындарга катышып жатышты", - деди экс-президент.

Жактоочулар: "Текебаев ал күнү "Супарага" барышы мүмкүн беле?" деп сурашты. Отунбаева: "Билбейм, мен аны "Супарага" барды дегенге ишенбейм", - деген жооп узатты.

Экс-президент Убактылуу өкмөттө Текебаев Конституциялык реформадан башка иш менен алектенбегенин да айтты. "Мегаком" жана башка мүлктөр боюнча жоопкерчилик Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевде болгонун кошумчалады.

Сөзүнүн башында Отунбаева бул соттук процессти саясий иш деп эсептей турганын айтты эле судья аны токтотту. Күбөнү жеке жоромол айтпай, конкреттүү жооп узатууга чакырды. Мындан кийин айыпталуучу Текебаев: "Модин, Маевский, Абдрахманов жеке жоромол айтса болот да, Кыргыздын экс-президенти айтса болбойбу?" - деп судьяны калыстыкка чакырды.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 13-июлда Текебаев жана Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Күбө катары экс-депутат Феликс Кулов жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев көрсөтмө бере турганы күтүлүүдө. Аталган жарандар сотко келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
13.07.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез тез чогулуп жатып анда оштогу окуяны ушулар баштаганда. Просто Бакиев ти шылтып коюшту да. Козу жооок адамга шылталапсалган жакшыго
13.07.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары АШАга каршы көрсөтмө берип жатышат "шеф"ти дагы сурак кылсын эми
13.07.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев да келип кубо болсун. бардык иш Атамбаевке барып такалып атат.
13.07.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойгончо жеп олгончо карганат дегендер ушуларда "Убактылуу окмот"
13.07.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким кимдин кайыгында сузуп баратканы билинип турат.
14.07.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баарын Бакиевтер көрүп бир жери менен күлүп атышса керек, шылдың болбой ары же бери болгула да. Атамбаев келсе эмне Текеден кечирим сурамак беле,кылган ишин мойнуна алсын дейт да, ага айтпай жазашса керек бул ишти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: