super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баткен райондук суу чарба башкармалыгына "сууну үнөмсүз пайдаланган" деп 18 миң сом айып салынды

 

Баткен райондук суу чарба башкармалыгына сууну үнөмсүз пайдалангандыгы үчүн айып салынды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен суу чарба башкармалыгын текшерүүгө алынды. Ишкананын карамагындагы магистралдык каналдарынан аккан суулар кароосуз калгандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда, сууну агымын, өлчөмүн көзөмөлдөгөн адис тарабынан иш жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада сууну жергиликтүүлөр өз билемдик менен үйлөрүнө түтүкчөлөр, ар кандай жабдыктар аркылуу колдонуп келишкен. Жеринде инспекторлор тарабынан акты, протоколдор толтурулуп, тиешелүү иш жүргүзбөгөндүгү үчүн Баткен суу чарбасынын жетекчиси Эрматовго 18 000 сом айып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, башкармалыкка кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилген. Ал эми жеринде аныкталган айрым кемчиликтер инспекторлордун көрсөтмөсү менен жеринде жокко чыгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: