super.kg logo

Текебаев сотко Алмазбек Атамбаевдин келишин талап кылууда

 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Текебаевдин адвокаттары сотко 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин келишин талап кылышууда. Муну алар 2 жагдайга негиздеп жатышат.

"Күбө катары көрсөтмө берген Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү күбө Модин көрсөткөн кабинетти Текебаевдин кабинети эмес, Атамбаевдин кабинети деп жатышат. Ошондой эле 2010-жылы Атамбаевдин кийлигишүүсү жок "Мегаком" маселеси талкууланышы мүмкүн эмес болгонун айтып жатышат. Анткени экономика тармагына Атамбаев жоопкер болчу. Биз Атамбаевди президент катары эмес, мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары чакырышыбыз керек", - дешти адвокаттар.

Текебаев судьяга буларды айтты:

"Сиз калыс болбой, бир тарапка тартып жатканыӊыз байкалып калды. 2010-жылы Кыргыз мамлекетин Сирия, Ливиядагыдай абалдан аман алып калган, тарыхта кала турган киши - Роза Отунбаева. Сиз ошол кишиге 15 мүнөт бербей койдуӊуз, "11-12-майды эмне айтасыӊ, 13-майдан баштап айт" деп. Булардын баары бири-бири менен байланышкан 12-майды айтпаса, 13-майды түшүнүү мүмкүн эмес. "Мага кереги жок" дейт. Сот да ушинтип айтабы? Отунбаеванын айткандары сизге эмес, прокурорго эмес, тарыхка, сот адилеттүүлүгүнө керек. Экинчиден, Атамбаев жаран катары келип көрсөтмө берсин. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү келип Текебаев экономика маселесин чечпейт эле, ага Атамбаев жоопкер болчу дешүүдө. Күбө өкмөт үйүндө Текебаевдин кабинети деп көрсөткөн бөлмөнү Отунбаева, Нарымбаев, Каптагаевдер "бул Текебаевдин кабинети эмес" деп жатышса, эмне үчүн Атамбаевди чакырып сурасак болбойт? Прокурорлор "Текебаев Убактылуу өкмөттүн жыйынында саат канчага чейин болгон" деп кайра-кайра сурап жатышат. Атамбаевден да сурайлы, Атамбаев айтып көрсүн "Өмүке, сени көргөн эмесмин" деп. Өлкөнүн экс-президенти сотко келсе болот, анын мурдагы орун басары келсе болбойбу? Эгерде бүгүн күбөлөр "ооба, Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики болчу" десе мен азыркыдай бакылдап сүйлөй алат белем? Сот, сиз чакыргандан коркуп, кошоматчылык кылып жатасыз. Чакырсаӊар Атамбаевдин келбеске аргасы калбайт, келет. "Урматтуу сот", деп бул жерде турат".

Мамлекеттик айыптоочулар бул маселе мурда талкууланганын айтып, сотко өтүнүчтү четке кагууну сунушташты.

Прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
13.07.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атанкоруу... Из Атамбайга барып такалат окшойт
13.07.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Атамбаев эмне эле. Кел десе келе бергидей. Пусть просто доказывает его виновность. И потом можно вводы сделать.
13.07.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ушуну сизодо эле Ким билди кылып кетиш керек ошондо токтойт. Бизге Каримовдой же Назарбеавдей президент керек чыкканын басып жок кылган.
13.07.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тилек, карапайым кыргыз Каримов менен Назарбаевдей 2 президентти кууганы эсинден чыктыбы? Рысбек, Баяман, Санжар, Раатбек деген Кыргызстандын арстандарын ошол сен энсеп жаткандай президент Бакиев жок кылган. Атамбайып агандын сонку аракеттери деле Акай-Бакийдикинен эч айырмасы калбады. Текебаев да убагы келгенде кетет, ошондо кором Кыргызстан зуу деп онугуп кеткенин... Кеп текебаевде эмес
13.07.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келсинда Атамбаев да емне аныкы ак бекен.Бул жерде адамдын тагдыры чечилип жатат.Текебаевтин Аллах берген омурун бул кошаматчы соттор жалган жалаа менен канча омурун кыскартып турмодо откоруп жиберишет.Екс президент ошол убактагы убактылуу окмоттун бардык мучолору келип жатышат Атамбаев емне президент болсо еле келбей койсо боло береби келсин мыйзам баарына бирдей болуш керек.келип ел катары корсотмо берсин ал да.Текебаев чындык барибир женет еч качан сынбаныз С.Жапаров еконор аксынар ел биле
13.07.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев соттун чечими чыга электе эле Текебаевти ууру турмодо отурушу керек деген. Уурулугун билсе келип корсотмо бербейби.
13.07.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ubaktyluu okmottun bir mucnosu kaldy osnol kelsin.
13.07.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пфффф...
14.07.2017. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атангоруу биздин эл Текебаевтин баркына жете албай келет. Бир учур келет ошондо кап Омуке болгондо мындай болбойт эле деп бармак тиштейбиз го. Кайсыл бийликтин тушу болбосун Омукенин ооздуктап турганы менен тен салмактуулук сакталып келген. Кыргыздын зоболосун асманга чыгарчу адам Текебаев. Президенттикке татыктуу иш билги бирден бир адам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: