super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 13-ИЮЛЬ: "Рубиктин кубиги" оюнчугун ойлоп тапкан венгриялык Эрнё Рубик 73 жашка толду

 

Венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор Эрнё Рубик 73 жашка толду. Ал 1944-жылы 13-июлда Венгриянын Будапешт шаарында туулган. Эрнё Рубик дүйнөгө өзүнүн баш катырмалары жана оюнчуктары менен белгилүү болгон. Ал 1974-жылы 30 жашында "Рубиктин кубиги" аттуу оюнчукту ойлоп тапкан. Инженер-куруучу, скульптор, интерьердин дизайнери кесиптери боюнча билим алган. "Рубиктин кубигин" жасоо идеясы ойлоп табуучуга окуу жайда лекция окуп жаткан учурда келген. Анда ал студенттерге математикалык теорияны жеңил түшүндүрүүнүн жолун ойлонуп жаткан.

Аталган оюнчук башында "Сыйкырдуу кубик" деген аталыш менен белгилүү болгон. Эрнё Рубик өзү ойлоп тапкан кубикти чогултуу үчүн бир нече айлык убактысы кеткендиги айтылат.

2016-жылы 20 жаштагы Мэтс Волк аттуу нидерландылык бала 5,55 секундда Рубиктин кубигин чогултуп, рекорд койгон. Англиялык Грэм Паркер аттуу киши 19 жашында бул оюнчукту белекке алып, андагы окшош түстөрдү өзүнчө кылып чогултууга сөз берген. Бирок бул убадасын 45 жашка чыкканда гана аткара алган. СССРде "Рубиктин кубиги" 1981-жылы сатыкка чыккан.

80-жылдары Эрнё Рубик оюндардын жана баш катырмалардын журналынын редактору болуп иштеген. 1983-жылы "Rubik Studiо" студиясын ачкан. Бул компания азыркыга чейин акыл-эсти өнүктүрүүчү оюндарды иштеп чыгарат.

13-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: