super.kg logo

Сайдулла Нышанов: "2011-жылы Өмүрбек Абдрахманов Текебаевден өч алуу үчүн баарына даяр болчу"

 

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов күбө катары көрсөтмө берди. Ал Текебаев менен Абдрахмановдун мамилеси 2011-жылы бузулганын айтты.

"Башында Өмүрбек Абдрахманов менен Текебаевдин мамилеси абдан жакшы болчу. 2011-жылы булардын мамилеси өтө тез бузулду. Негизи мындай, Абдрахмановдун уулу убагында Максим Бакиев менен бизнес жасап иштеген. Мен Текебаевге Өмүрбек Абдрахманов менен жакын болуу жакшы эмес экенин айтсам, Текебаев мени жаман көрүп калды. 2012-жылы ал фракциядан чыгарылган. Абдрахманов андан кийин парламентте сөз сүйлөй албай жөн эле отуруп калды. Ошол учурда Абдрахманов Текебаевден өч алуу үчүн баарына даяр болчу", - деди Нышанов.

Ал эми Текебаев күбө Нышановдун сөзүн бекемдеди. "Абдрахмановду партиялаштар колдобой, менин колдоом менен шайлоодо тизмеге кирди. Абдрахманов саясий көз карашта АКШны жактап туруп алды. Манасты жамандап, Таластан нааразылар келип, анын атынан мен кечирим сурадым. 120 миң сомдук диванын миллион сомго баалап Жогорку Кеңешке алып келип койгон. Мен аны айтсам, бул бизнес дейт. Ошондон улам биз Абдрахмановду 2012-жылы 17-март күнү партиядан чыгарганбыз", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
13.07.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Абрахмановго дивангейт деп иш козголобу ошондо
13.07.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
О.Абдрахманов реалдуу суйлогон адам. Ал Текебаев ж.б окшоп бийлике келгенде байыган эмес, мурдаа эле бизнес менен журчу. Анын позициясындай АКШ менен жакын болгонубузда азыркыдай Таможн.союз деп Щвеялар жабылбай, дордойго Кытайдан товар келип турмак. Эми орустун эски машинасына кунубуз тушуп атат.
14.07.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш катттыго кимишине ишенишин билбейсин!Орусиябы же Акшыбы ?кимиси бизге жакшы ниетте жардам кылаары ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: