super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жалпак-Таштагы жер көчкүдөн жабыркаган 75 үй-бүлөгө үйлөр курула баштады

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 75 үй-бүлөгө үйлөрдүн пайдубалдары курулууда. "Учурда 40тан ашык үйдүн пайдубалы курулуп бүттү", - деп маалымдады бүгүн, 13-июлда райондук администрация тарабынан түзүлгөн штабдын өкүлдөрү SUPER.KG порталына.

Ушул жылдын апрель айында жер көчкү Курбу-Таш айылы менен Маркс айылындагы 75 үй-бүлөнүн турак жайын басып калган. Жабыркаган үй-бүлөлөргө Кызыл-Октябрь жана Кароол айылдарынан жер тилкелери бөлүнүп берилген.

"Учурда электр линиялары тартылып, арыктарга насостук станциядан канал аркылуу суу берилген. Трансформатор орнотулуп свет берилди. Таза суу траншеялары казылып, 13-июлдан тартып суу түтүктөрү коюла баштады. Райондогу ишкана-мекемелердин тиешелүү кызматкерлери ар бир үйдүн курулушун көзөмөлгө алууда. Элдин маанайы жакшы", - дейт штабдын өкүлдөрү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайыма шүгүр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: