super.kg logo

Чотоновдун адвокаттары сотту алмаштырууну өтүнүшүп, бирок өтүнүч канааттандырылган жок

 

Айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары сот Айбек Эрнис уулуна ишенбестик көрсөтүү боюнча өтүнүч келтирди. Бүгүнкү соттук процессте ушундай эле өтүнүчтү Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов да келтирип, сот канааттандырган эмес. Сот жактоочунун өтүнүчү боюнча тараптардын пикирин сурады. Текебаев: "Мен колдойм. Сиз күбө Маевский, Абдрахманов, Модинди ойлоп, "ушундай болсо керек" деген көрсөтмөлөрүн үлгү катары көрсөтүп жатасыз. Ошол эле учурда экс-президент Роза Отунбаева баштаган бир топ биздин күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн түрдүү суроолор менен бөлүп жатасыз. Ушундан улам мен сизди ушул нерсеге кызыкдар деп билем жана жактоочунун өтүнүчүн колдойм", - деди.

Айыпталуучу Чотонов да сотко ишенбестик билдирди. "Мен ушул сотту карап отуруп мындан ары бул сот адилет болоруна ишенбей калдым. Ошондуктан жактоочуларым сизге ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат. Мен өтүнүчтү колдойм", - деди Чотонов.

Кеӊешүүчү бөлмөгө кирип чыккан сот Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.07.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотту вообще ташбаранга алат турган акыйкатсыз сот экен!башкасын алып келсе деле ушуга окшогон сот келет да АША нын буйругун аткарган элди келесоо ойлоп Жатат бул АША Эл баарын коруп билип турат президент!!эки менмин деген козун май баскандар качып журушот мекенине келе албай АША дагы ошолордун кейпин кийет бул кетиште
18.07.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша эчтеке кылбады, Бакиевди туугандары жаман корсотпогондо олкобуз сонун онугуп калган эле баары арзанчылык болуп, бул жеп эле жатат жеп тойбоду!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: