Санкт-Петербургдагы өрттөн каза болгондордун баары Өзбек жарандары экендиги маалым болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Колпинский районунда чыккан өрттөн 7 адам каза тапты. Алардын баары тең Өзбек жарандары экенин "Интерфакс" басылмасы өз булагына таяп жазып чыкты. "Ал жакта 7 адам болгон. Муну ошол өрт чыккан компаниянын директору да тастыктады. Каза тапкандын баары өзбекстандыктар болгон", - деп билдирген маалымат берүүчү.
Кошумчалай кетсек, каза тапкандар тууралуу маалымат Өзбекстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жеткирилген.
Эске сала кетсек, 12-июлдан 13-июлга караган түнү Санкт-Петербургдагы "Киров" заводунан өрт чыгып, 600 квадрат метр аянты күйүп кеткен. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Жакын туугандарына сабыр тилейм . Эч кимдин башына тушпосун мындай нерселер ((