super.kg logo

“Альянс Алтын” компаниясы Талас облусу боюнча социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоого алып, 180 бала үчүн бекер жайкы эс алуу уюштурду

 

“Альянс Алтын” компаниясы тарабынан уюшулган “Бакубат Талас” фондусу менен “Барчын” балдардын эс алуу жайынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда облустун бардык аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 180 бала бекер жайкы эс алуу максатында аталган лагерге жеткирилген. Бул максатта фонд тарабынан балдардын тамак-ашына, жол киресине жана эс алуусуна ылайыкталып 550 миң сом каражат бөлүнгөн.

Аталган жайдын педагогикалык жамааты тарабынан балдардын толук кандуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келечек ээлерин эстетикалык жактан тарбиялоо максатында атайын маданий, спорттук иш-чаралар, сынактар уюштурулуп, “Биз таланттарды издейбиз” долбоорунун алкагында эс алуучулардын жөндөмдөрү аныкталып, алар сахнада өздөрүнүн таланттарын дагы көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле лагердин эс алуучулары 5 маал ысык тамак менен камсыз болушкан.

Аталган лагердин жетекчилигинин маалыматына караганда, анын имараттары өткөн кылымдын 70-жылдары курулган. Ошондон бери каражаттын жоктугунан бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйылкы жылдын башында лагердин ремонту үчүн смета түзүлүп, “Бакубат Талас” фондусуна атайын кайрылуу жолдонгон. Келечек ээлери үчүн болгон бул өтүнүч “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги жана “Бакубат Талас” фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан колдоого алынып, жыл башында 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул суммага лагердин балдар жатуучу үч корпусунун кырк жеринен тешилген чатырлары жаңыртылып, ашкана, уктоочу бөлмөлөрү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

11-июль күнү балдардын эс алуусу аягына келип, лагерь менен коштошуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул саамалык “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги, Талас районунун акими жана “Бакубат Талас” фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда белгиленип, жайкы эс алуу учурунда өздөрүн бардык тараптан активдүү көрсөтүшкөн келечек ээлери лагерь жетекчилиги тарабынан атайын мактоо баракчаларына ээ болушту. Ал эми “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү компаниянын логотиби түшүрүлгөн кепкаларды, балдардын эс алуусуна өтө керектүү болгон спорттук шаймандарды жана балмуздак таратуу менен, лагердин эс алуучуларын кубанычка бөлөштү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.07.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин ырыскысын уурдагандар!!! Эл каршы чыкканына болбой бийлик элди куч менен басып, эл байлыгын чет олколук табакташтарына карматып коюп, эми элдин байлыгынын бир тамчысын элге жумшап, мактанып жаткан кербези!!!
14.07.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого карата Бабановдун оюндары башталды.Орозодон бери эле баштаган .
Кыскасы бизде таза шайлоо дагы 10-15жылда отуп калышы мумкун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: