super.kg logo

Салянованын сотунда жактоочунун сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчү канааттандырылган жок

 

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова бардык келтирилген өтүнүчтөр четке кагылып жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Сиз өтүнүчтөрдүн биринин да түшүндүрмөсүн көргөзбөстөн, мыйзамдарга таянбастан четке кагып келе жатасыз. Ар бир сот мыйзамда четке кагылган өтүнүчтөр үчүн түшүндүрмөсүн бериши керек. Сиздей адамдар кантип сотто иштеп жүрөт?” - деди жактоочу.

Сотко төрагалык кылуучу Кубанычбек Касымбеков жактоочуну тартип сактоого чакырып, протоколго жактоочунун тартипти сактабай жатканын киргизди. Ал эми жактоочу сот мыйзамдарды өзү сактабай жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок ал ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчү канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: