super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Укук коргоочулар муфтий дин кызматкерлерин Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин колдоого үгүттөп жатканын айтышты. Муфтият маалыматты четке какты

 

Диний кызматкерлер саясатка аралашпашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 14-июлда укук коргоочу Качкын Булатов "Президенттик шайлоонун алдында өлкөнүн диний чөйрөсүн ким саясатташтырып жатат?" - деп аталган маалымат жыйында айтты. Булатов дин кызматкерлеринин үгүт иштерине катышуусу атуулдук жаңжалдардын келип чыгышына алып келет деп эсептейт. Ошондой эле маалымат жыйындын катышуучулары муфтийдин ишмердүүлүгүн сынга алып, муфтий Максат Токтомушевди таблик жамаатынын мүчөсү деп айтышты.

"Акыркы убакта дин чөйрөсү өзү эле баш аламан болуп араң турганда аны жөнгө салуунун ордуна муфтий Максат Токтомушев ачыктан ачык эле Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоого талапкерлигин колдоп, өзүнүн карамагындагы кызматкерлерди да аларды колдоого үгүттөп жатат", - деди укук коргоочу Анвар Төлөмүшов.

Ал эми Качкын Булатов муфтий ушул жылдын 27-июнунда Өзгөнгө 7 казыны топтоп алып барып, шайлоодо Жээнбековго иштейсиңер деп ачык үгүттөгөн деген билдирүүнү айтты.

"Керек болсо ошол тың чыкма диний кызматкерлер өзүнчө штаб ачып, Жээнбековго иштеп беребиз деп убада беришиптир. Ага чейин муфтий бир канча дин өкүлдөрүн Сооронбай Жээнбековдун сыйына алып барып, чапанын кийип келишкен. Максаттын эң чоң катасы - дин кызматкерлерин саясатка аралаштырып жатканы", - деди Булатов.

Өз учурунда муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Булатовдон штабдын ачылгандыгы тууралуу маалыматты кайсы булакка таянып айтып жатканын сурады.

"Менин колумда далил видеолор жок, бирок угуп жатабыз бул тууралуу", - деп жооп кайтарды укук коргоочу. Атабаев жалган маалымат таратып жаткандыктары үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн экенин эскерткенде, Булатов менен Төлөмүшов айткандарына жооп берүүгө даяр экенин кошумчалашты.

"Мен Өзгөндөгү жыйынга катышкам. Анда облустардагы казылар 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчётторун беришкен. Мындан тышкары казылар менен имамдардын билимин жогорулатуу иштери талкууланган. Медреседеги мугалимдердин да билимин жакшыртуу жөнүндө сөз болгон. Бүгүнкү маалымат жыйынды өткөргөндөр туура эмес маалымат таратып жатышат. Кудайдан коркуш керек", - деди Атабаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
14.07.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Муфтият да адатынча бийликтин камчысын чаап баштаптыр да... Чубак ажыга чейинки бардык муфтийлер бийликти ачык эле колдоп, коррупционер бийлик учун дуа кылып келишкен. Силер миллион минус бассанар да бул чындык, аны озгорто албайсынар. Окунучтуусу учурдагы муфтияттын "эски оорусу" козголгонунда... Эгер маалыматтар чын болсо...
Revolyutsiya2 түзөттү 2017-07-14 13:40:19
14.07.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерседен коркот элем, башкасын колдосода мейли эле...
14.07.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kydaidan ech kim korkpoi kalgan zaman boldy. . sakalu baru da,sakalu jogy dagy
14.07.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уктум деп эле кыйкыра берсе болобу.Кана далил.Укук коргоочулар американын жугундусун ичкендер да кыргызды кыргызга кайраштырып пайда табышат
14.07.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Bars88, Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
15.07.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekeev969798,Азыр чоптун башыны вентилятор менен шамал кылып деле кыймылдатат.
14.07.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars88,Таамай айтыпсын.Кошулам.
14.07.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жумуш учурунан кийин кимди колдосо да өзү билет. Ар бир жаран өзү тандоо укугуна ээ. Дин кызматкери болобу, медицина кызматкери болобу, же милициябы жумуш убактысы бүткөндөн кийин штаб ачып алып жумуш убагы башталганга чейин ырдасын.
Дин эч качан саясатка аралашпайт. Бул эптеп жаман көрсөтүү максатында маалымат таратылып жатат.
Менден да келишип анкета алышты. Суроолордун баары ИСЛАМ динине каршы суроолор. Мисалы : Ислам дининдеги ырым жырымдарга кандай карайсыз деген суроо.
14.07.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Rifle_I,Сенден кандай анкета алат биринчи жолу угуп атам
14.07.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муфтий менен Сооронбай Жээнбеков жердештер колдогону чын болуш керек менимче
14.07.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Janusia,Ошо жердеш экенин билген бул доодурлор калп кумон кылып ататда. Максат ажынын тырнагына татыбайсынар укук коргоочулар!Жана тескери каршы коментарий жазгандар
14.07.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Rifle_I, Сен менимче врач болсон керек эле, врачтардын копчулугу неглупые люди. Эми имам-молдолордун силерге окшоп белгилуу жумуш сааты жок. Чубак ажыга окшоп кайсы бир кызматты аркалабаса да ал баары бир дин окулу бойдон кала берет, атеист болуп эле кетпесе... Демек, дин окулдору кайсы убакта болсо да ал же бул талапкерди колдоп, саясатка аралашканы туура эмес, буга мыйзам тыю салат. Дин окулдору, болгону катардагы жаран катары шайлоого катышып ал же бул талапкерге добуш берууго гана укуктуу.
Revolyutsiya2 түзөттү 2017-07-14 16:54:29
14.07.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир бюджет ишканалар [moderated]сте онлайн голоско Сооронбай Женбековго добуш бергиле деп кыйкырып эле айтып жатышат Бабанов отуп кетти деп. Бул кандай добуш ойлонгулачы ар бир жаран татыктуусун озу тандаш керек.
14.07.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоо жердештер
14.07.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат ажыдан конулум калган муну иликтеш керек ал эми дин окулдоруно менин жакындарым кирет бирок Жээнбековду колдогула деген угутоо иштери болбогонун тастыктай алам. Максат ажыделе ачык корунуп турбайбы Атамбаевчи экени
14.07.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Батыштын акырынан жем жеген укук коргоочулар оозуна келгенин оттой беришет.Буларга батыштан башка идеалдуу мамлекет жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: