super.kg logo

Казакстанда 8 жашар бала сууга агып бараткан классташ кызын куткарып, өзү чөгүп кеткен

 

Казакстанда 8 жашар бала өз өмүрүн тобокелчиликке салып, сууга аккан классташ кызын куткарып, өзү чөгүп каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары шаардык прокурордун берген маалыматына таяп жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Костанай шаарында 8 жаштагы Игорь Коцкий аттуу балага 4-июлда эле издөө жарыяланган. Аны издөө үчүн жергиликтүү полиция кызматы жана бир катар ыктыярчылар тартылган.

Шаардык прокурор Мурат Успановдун айтымында, куткарылган кыз маркум өспүрүмдүн тобокелчилиги тууралуу дароо айтып берген эмес, себеби ал корккон.

"Балдар шар аккан дарыянын жээгине түшүп ойноп жатышкан. Бир маалда суунун агымы экөөнү тең агызып жөнөгөн. Кичинекей бала классташ кызын жээкке түртүп чыгарганда, ал талдын бутагын кармап аман калган. А Игорь болсо чөгүп кетиптир. Өспүрүмдү баатырларча курман болду десек болот", - деп билдирген Успанов.

Маалыматта белгилүү болгондой, баланын сөөгүн туура 1 аптадан кийин, 11-июлда Төбөл районундагы Корей көпүрөсүнүн жанындагы жээктен табышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.07.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Периште десе,ата-энесине рахмат баланы озумчул кылбай тарбиялаганына...Кудайым бейиштин торунон орун берсин
14.07.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
жаны жаната болсун аминь
14.07.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаш болсо да баатырларча курман болуптур.
14.07.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баатыр деген наам ыйгарылсын. ушул бала точна жанаттка кетти ак ийлет бирок сынбайт. жайы жаннаттан болсун оомин ата энесине сабыр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: