super.kg logo

Салянованын сотунда келе албаган күбөлөрдүн тергөөдөгү көрсөтмөлөрү окула турган болду

 

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар 10 күбө сотко келе албаганы үчүн алардын тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн окуп берүү өтүнүчүн келтиришти.

Сот тараптардын пикирине кызыкты.

Буга чейин беш күбө суралды. Алардын баары сотто бул иш мыйзамдуу болгонун айтты. Эгер башка күбөлөр да келсе ошону айтат. Биз күбөлөрүн бир гана тергөөчүлөргө берген көрсөтмөсү менен сот өтүшүнө макул эмеспиз”, - деди Аида Салянова.

Ал эми айыпталуучунун жактоочусу “Жумуш сапарында болсо, катуу ооруп калса, өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен учурда гана күбөлөрдүн келбей калышына себеп болот. Күбөлөрдү чакырып суроо биздин бирден бир мүмкүнчүлүгүбүз” деген пикирин билдирди.

Сот келе албаган күбөлөрдүн тергөөдөгү көрсөтмөлөрүн окуп берүү боюнча прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырды. Соттук отурум түштөн кийин уланат. Жактоочунун билдиришинче, тергөө учурунда көрсөтмө берген жыйырма күбөдөн сотто бешөө гана суралган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: