Түркиянын элчиси Метин Кылыч: "Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу бизди тынчсыздандырып, нааразы кылды"
Бүгүн, 14-июль күнү Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Метин Кылыч 2016-жылы 15-июлда болгон окуялар тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ошондой эле ал дин аалымы Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу тууралуу буларды айтты.
"Чубак Жалиловдун Гүлен менен жолугушканы бизди тынчсыздандырып, нааразы кылды. 2016-жылдын 15-июлунан тарта Фетхуллах Гүлен менен бир дагы саясий жана коомдук ишмер жолуккан эмес", - деди Метин Кылыч.
Буга чейин интернетке Чубак Жалиловдун Фетхуллах Гүлен менен бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган. Мурдагы муфтий SUPER.KG порталына берген маегинде Гүленди колдой турганын жана ага тагылып жаткан айыптарды саясий көз караш катары баалай турганын билдирген.
Айта кетсек, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Анда 250 адам каза болуп, 2000 киши жаракат алган. Түркия бул иштердин артында Фетхуллах Гүлен турат деп айыптап келишет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жогорудагы комментте мен Чубак ажыны куноолуу деп жазбадым, мигранттар кайда барбасын Мамайдын кору деген мааниде жаздым, адатынча жумурткадан кыр издесен...