super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Сизди кайсы улуттун өкүлүнө окшоштурушат?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сизди кайсы улуттун өкүлүнө окшоштурушат?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кичинекей кезимде орустун куурчактарына окшоштурушчу, азыр жөн гана орустарга окшошсуң деп коюшат".

"Мени казактарга окшоштурушат (казактардан айырмабыз деле жок го), анан бир жолу буряттарга окшоштурганда, эмнегедир таң калгам".

"А мени япон, корейлерге окшоштурат дегендерге күлкүм келет. Кыргыздар 80 пайыз монголоид болгондон кийин япон, кытай, корейлерге өң-келбетинин баары окшошот. Же силер бир көрүп орус, поляк, серб же италиян, французду айырмалай аласыңарбы? Ал эми чындап эле кыргыздардын арасынан аз-маз бар европеоид же түрк, өзбек сымалдар, бирок аз санда".

"Көзүм жымшыйып, мурдум барбайып кимге окшошуп калганымды деле билбейм. Менин оюмча, чыныгы кыргыз мендей кара тору, акылдуу болуш керек деп ойлойм".

"Айылдыктардын көбүнүн көздөрү кичинекей болуп, кытайларга окшошуп кетет. Анткени аларда кан алмашуу аз, бири-биринин жакын туугандарын же жердештерин алып ошондой көзү кичинекейлер көп төрөлөт. Мен өзүм да ошондой жүлжүкмүн, андыктан мага жинденбегиле".

"Мамлекеттен сыртта жүргөндөрдү ар кимге окшоштура берет. Алардын арасында кыргыз деген калк бар экенин билбегендер да бар. Бирок адам өзүн өзү так билет да кимге окшошорун. Менин мүнөзүм, келбетим кыргыз деп анык айта алам".

"Баары эле орустарга окшоштура беришет. Атым да орустун кыздарыныкындай - Лидия".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.07.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей,калмык, бурят улутуна окшоштурушат. Малайзиялыктар келсе алар ты с малайзии дешет)))
14.07.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада Метро Киевская да жүрсөм бир Кытай же корей келип өзүнүн тилинде сүйлөп кети таң калганмын .демек мен Кытай корей монгол бурят тарга окшош экенмин деп
15.07.2017. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени коздорун бакырайган экен озбексинби дегенде жаным чыгып кетет. Эч жакпайт ошолорго окшоштурса(( бирок калмык, казак , тывалыктар оз тилинде суйлой берет мен ооба деп коем))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: