super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыз-жигит кыналышып, качып кете тургандай кучакташып алгандарын көрүп өзүм уялам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз-жигит этикасы" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жигит көчөдө кетип баратканда кызга бүт салмагын салып, кучактап басуусу - бул маданиятсыздык, ошондой эле адамдарды жана ошол кызды сыйлабагандык".

"Кыз-жигиттер учурда кыналышып, жетелешип, качып кете тургандай катуу кысып кучакташып алгандарын, кээде башкача кылыктарын көрүп өзүм уялам. Мейли, кыз-жигит болсун, бирок уят деген болуш керек да. Көчөдө баратканда кучакташпай эле башкача кыймылды жасабай эле баса беришпейби, анан эч ким жок жерде каалаганын кылбайбы. Аларды көрүп кичинекейлер кандай көз карашта калат билбейм, таң калып карап калгандарын көрүп калам. Ии баса, өткөндө бирөөлөрдү карап турсам кыз-жигит экен, анан жанында мектеп окуучулары турат. Бир маалда жигит кыздын оозунан өөп алды эле. Аны көргөн жанындагы мектеп окуучусу жанындагы кызды "кел, биз да ошентели" деп жинине тийип жатканын көрүп бир жагынан күлкүм келсе, бир жагынан кейидим. Алар үлгү болуунун ордуна минтип жатышпайбы, эх".

"Ар ким өзү билет кандай жүрүштү. Кааласа көчөдө көтөрүп алат, кааласа минип алат. Ар бир адамдын кыял жоругу ар башка да. Баары бирдей эмес, бирөө баарындай эмес".

"Бул жерде миң какшаганыбыз менен көчөдөн ошол эле көрүнүштөрдү көрөбүз, балким, мындан да чатак болуп калышы мүмкүн. Аллахым жаштарга ыйман берсин".

"Жигит мас, колунда тамекиси менен кызынын моюнуна колду аскан, бул көрүнүштөн адамдын канчалык деңгээлде экени байкалат. Бири-бирине чапташып өбүшкөндөрүн көрсөң, алар эмес өзүң уялып көзүңдү ала качасың. Какырынып, түкүрүнүп элди көзгө илбейт, кызын колунан бирөө жулуп ала тургандай ага чапташып алат. Бул биздин менталитетке туура келбейт, биз үчүн уят. Эми эмнесин айтабыз, айта берсе арман көп дегендей. Келечектеги кыз балдарыбызга ыйман-ынсап берсин, мындай жаман көрүнүштөрдөн алыс эле болушса".

"Эми аларды деле түшүнсө болот. Жанында сүйгөнү болсо андан башка эч ким көрүнбөй калат чыгар. Жаштык-мастык деген болот, жолдо жетелешип баскысы келет, эркелешкиси келет жана башка. Эң башкысы ортосунда тунук сүйүү болсун, анан жаман жолго баспасын, ошол эле менин тилегим".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.07.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эненибизди,ата-энебиздин уйун сыйлап,жакшы таза жургондой,коомдо да ушундай болсок,озубузго,элибизге,балдарыбызга пайда.
Бизди коруп,айткандай,кичинекейлерибиз улгу алат.Жакшы улгулуу бололу
18.07.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы тура туралы, биркуну башкасын кылышат.Кандай тушунбогон жан экендерин да билбейсин, мындай корунуш болбос учун узун кийиниш керек! Болбосо коз коруно ойноштука отушот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: