super.kg logo
  Саясат  

Монголиянын жаңы президенти резиденцияда жашоодон баш тартып, үйүнөн жумушка жөө келет

 

Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга президент үчүн каралган резиденцияда жашоодон баш тартты. Акыркы 63 жылда Монголиянын бардык президенттери коргоого алынган резиденцияда жашап келишкен.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Баттулга шаардын борборундагы анча чоң эмес үйдө жашоону туура көрүүдө. Мамлекет башчысы үйүнөн 400 метр алыстыкта жайгашкан жумушуна жөө барып келүүнү чечкен.

Президенттик администрация, өлкө башчысынын бул кадамынан көп атка минерлер сабак алып кымбат унаа, ашыкча мамлекеттик камсыздоолордон баш тартат деп үмүттөнүүдө.

Учурда резиденцияда Монголиянын парламентинин төрагасы жана өкмөт башчысы жашайт.

Эске сала кетсек, 7-июлда Монголияда президенттик шайлоо өтүп, анда оппозиция өкүлү жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 27 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: